• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Коменданттык сааттын талаптарын бузган 110 адам кармалды

30 Чын куран 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-апрелге караган түнү өзгөчө абал режими жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын талаптарын бузган 110 адам кармалды. Алар коменданттык саат учурунда, тактап айтканда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө жүрүшкөн.

Кармалган жарандардын ичинен Бишкек шаарында 82, Ош шаарында 13, Жалал-Абад шаарында 2, Сузак районунда 8, Нарын шаарында 4, Ат-Башы районунда 1 адам бар.

30-апрелге чейин Бишкек, Ош, жалал-Абад, Нарын шаарлары, Ат-Башы, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими жарыяланган. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылды.

Количество просмотров: 58