Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы комендатуралар 10-майдын түн жарымында ишин токтоторун биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Карантиндик тартип кирген шаар, райондордо иш жергиликтүү бийликке өткөрүп берилет. Маселен, борбор калаада Бишкек мэриясына же Жарандык коргонууга өтөт»,-деп билдирди Боронов.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттөн Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы, Ат-Башы районундагы өзгөчө абал аягына чыгарын билдиришкен. Анын ордуна бир катар аймактарга карантиндик тартип орной турганы айтылган.