Комузчу Нурзат Орозалиева оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары билдиришти.
Нурзат Орозалиева кыргыз элине комузчу жана күүчү катары таанымал. Акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген.
Кошумчалай кетсек, ал жакында эле 44 жашка чыккан.