Кыргыз элинин белгилүү комузчусу Руслан Жумабаев каза болду. Бул маалыматты анын кесиптештери тастыктады.
Алардын айтымында, 45 жаштагы Жумабаев бөйрөгү ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.
Бир катар сынактардын конкурс-фестивалдардын лауреаты өзү да шакирт даярдоого жетишкен.
Жумабаев “Ордо Сахна” тобунда, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде комуз чертип, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторида сабак берчү.