Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.
Алжирдин борборунда өткөн рэп-концертинде элдин кысылышынан улам 5 адам каза болуп, 20дан ашыгы жабыркады. Бул тууралуу Tout sur l’Algérie жергиликтүү басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 22-август күнү Soolking аталышындагы ырчынын стадиондо өткөн концертинде элдин кысылышынан 2 эркек киши жана 3 кыз каза болуп, 21 адам жабыркаган.
Кошумчалай кетсек, кырсыкка карабай Soolking өзүнүн концертин токтоткон эмес.