• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Конор МакГрегор, Хабибге атайын жеңилип бергенин айтып чыкты

9 Тогуздун айы 2018 11:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV
Конор Макгрегор: “Хабиб,бала, мелдеш бүтпөйт — бул башталышы гана..”
UFCнин мурунку чемпиону Конор МакГрегор мелдештен кийин өзүнүн күйөрмандарына, тарапташтарына UFCнин 229 беттеши жана Хабиб Нурмагамедов жөнүндө атып берди. Бул тууралуу Орусиялык MMA.BOXING сайты жазды.
“Мен өтө коопту оюнду ойнодум жана жеңилдим. Бирок, жеңилгениме эч өкүнбөйм, тескерисинче абдан сыймыктанам. Мен бул мелдешке кайра кайтам, бул дагестандыктан курду эч ким албайт. Бирок,бул курду мен алам, келем өзүмдүн кооз, жылуу жеримди ага бербейм. Зубайрага тиешелүү: мен аны урууну каалаган эмесмин, бирок менин ата-энем жөнүндө айткан сөзү үчүн  анын бетин боедум. Ооба, жеңилдим бирок мен дайыма кайра күчтөнүп келип жеңип алчумун. Бул менен баары бүттү деп ойлобогула! Ал мени бетиме сокту, бирок мен анын жүзүнө күлүп карап айттым “бала, бул оюн, уланта бер!”- дедим, жөн гана ойнодум ал менен. Негизгиси мен ага өзүмдү көрсөттүм. Жеңилүүнү атайын жасадым,силерди көрсүн дедим, ким сенин элиңди көрсөтүп жатканын, жана ким аны шылдың кылганын. Хабиб, бала, мелдеш бүткөн жок бул башталышы гана..” — деген Конор.

 

 

Конор МакГрегор көзү көгөрүп түшкөн сүрөтүн өзүнүн жеке баракчасына илип, “Согуш уланат, бул башталышы” – деп билдирүү жазды.

Количество просмотров: 16