• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Коншуларыбыз менен достугубузду жок кылды». Тажикстанда Рахмондун отставкасын талап кылышууда

30 Чын куран 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды. «Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады.

Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз» деген видео тартып, бири — бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жалпыга жар салууда.

Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган – уругу, бала – чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коншуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын» — деген чакырыктар айтылган.

Количество просмотров: 5224