• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Конституциялык кеңешменин курамына 10 киши кошулду

26 Жетинин айы 2020 9:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүн көңүлгө алып, ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартууну, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

К. К. Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылсын.

Конституциялык кеңешменин курамына төмөнкү жарандар киргизилсин:

— Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;

— Мурат Каниметович Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;

— Алмамбет Насырканович Шыкмаматов — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

— Толекан Асаналиевна Исмаилова — «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору;

— Мурат Курманбекович Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, «Плюрализм» гезитинин редактору;

— Айдарбек Абдыраевич Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;

— Асел Мырзакановна Абакирова– юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;

— Кантемир Зулумович Мурзабеков — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

— Муратбек Калматович Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;

— Таалайбек Турсунович Шамурзаев — Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.

Количество просмотров: 12