• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

​Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуунун мыйзамдуулугун карайт

18 Тогуздун айы 201912:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президенттик макамын алуунун баш мыйзамга ылайыктуулугун карайт. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе  23-октябрда каралат.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратууга 103 депутат «макул», 6-«каршы» добуш берген.

Количество просмотров: 142