• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

18 Жетинин айы 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Анда Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн.

Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоордо эң көп Конституциянын III бөлүмү «Мамлекеттик бийликтин органдары» боюнча оңдоп-түзөөлөр сунушталууда.

Анда президенттин ыйгарым укуктары өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда мамлекет башчы бир эле убакта аткаруу бийлигинин да башында турат. Ошондой эле 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн аркасында мамлекеттин башына келген адам жаңы Конституциянын негизинде 6 жыл иштеши керектиги сунуштулган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилегендей, 2020-жылдагы октябрь окуяларын эске алуу менен, эгер президент кызматын тапшырган же башка бир жагдай жаралган учурда анын милдетин аткаруу өкмөт башчыга өтөт. Эгер өкмөт башчы президенттин милдетин аткара албай калса, анда аны Жогорку Кеңештин төрагасы улантат.

Депутаттарды шайлоо да конституциялык мыйзамдын негизинде аныкталат. Эл өкүлдөрүнүн мажоритардык же пропорционалдык (партиялык тизме) система менен тандалып, Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү да конституциялык мыйзамдын негизинде бекитилет.

Мыйзам долбоордун толук вариантын бул жерден көчүрүп окуй аласыз.

Количество просмотров: 378