Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкты. Бул тууралуу аталган кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев бүгүн, 22-декабрда билдиргенин «Азаттык» жазды.
«Азыр элден түшкөн сунуш-пикирлерди чогултуп, бир системага салуу иши жүрүп жатат. Юрист жана лингвист адистерден турган эксперттик топтор түзулдү. Баштапкы вариант Жогорку Кеңеш иштеп чыккан редакциянын концепциясына дал келет. Биринчи вариантын жаздык. Долбоорду бир сыйра иштеп чыктык. Биринчи вариантын. Негизги концепциясын өзгөртпөйбүз. Ошонун негизинде алымча-кошумча берип жатабыз. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз»,-деп билдирген Бөрүбашев.
Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Коомдук талкууга коюлган өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме чогулткан. Анын 98 мүчөсү бар.