• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Контрабанда менен кылмыш катар жүрөт…

18 Жалган куран 2019 16:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Токмок шаарында жергиликтүү кеңештин депутатын атып өлтүрүп кетишти. Маалыматты ИИМ тастыктады.

Маалыматка караганда Токмокто жаштардын массалык мушташы болгон. Мушташта курал колдонулган. Бир топ адам жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Эске салсак, бир ай мурун «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинде атышуу болгон. Аткезчилик менен алектенген эки топтун ортосунда болгон жаңжал атышуу менен аяктаган.

Бул окуяда «чемпион» деген каймана ат менен таанымал, Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Урматбек Самаевдин аты аталып, суракка чакырылган. Депутат өзү бул окуя боюнча суракка чакырылганын тастыктаган. Бирок, окуяга катышы жок экендигин айткан.

Эске салсак, декабрь айында «Чон-Капка-автодорожный» жана «Токмок-автодорожный» чек ара бекетинде 5 миң 100 литр күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалган. Контрабанда менен кылмыш катар жүрө тургандыгы белгилүү…

Количество просмотров: 9