• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Контролерго кол салган жаранга айып салынды

6 Бирдин айы 2024 15:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №226 автобуста контролерго кол салган жаран кармалып, айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, КР мыйзамдарына ылайык, Л.К.Ю. аттуу жаран кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылды.

Тактап айтсак, Свердлов райондук сотунун чечими менен жогоруда мыйзам бузган жаранга КР Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесине ылайык 5500 сом айып салынды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт. Жол кире кымбатташы менен контролерлор жол кире акысын төлөбөгөндөрдү аныктоо иштерин баштады.

Мэриядан билдиришкендей, картаны башка адамдарга өткөрүп берүүгө жана башка бирөөнүн жеке картасын колдонууга тыюу салынат.

Бишкек шаарынын аймагындагы автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерине ылайык, контролерлор жүргүнчүлөрдөн транспорттук карталарды уруксатсыз пайдаланган учурда алып коюуга укуктуу.

Количество просмотров: 80