• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Коомдук транспорттордун соңку аялдамаларына кан басымды өлчөөчү аппараттар орнотулат

21 Кулжа 20249:42 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкекте коомдук транспорттордун соңку аялдамаларына жарандардын кан басымын өлчөөчү электрондук аппараттар орнотулууда.

Башкармалыктан маалымдашкандай, мындай демилге айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатын көздөйт.

«Анткени, күндүн ысыгынан айрым айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн кан басымы көтөрүлүп, шалдыроо, чарчоо өңдүү ден соолугу начарлаган учурлар кездешүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ мындай кан басымды өлчөөчү аппараттард өлкөнүн баардык аймактарында маршруттук унаалардын соңку аялдамаларына орнотууну пландап жатат.

Количество просмотров: 90