• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Коопсуз шаар» аукциону боюнча комиссия чечимин чыгара элек

5 Тогуздун айы 2018 17:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018.Govori.TV.
«Коопсуз шаар» аукциону боюнча көзкарандысыз ведомстволор аралык комиссиянын» курамына кирген эксперттердин чечимине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети даттануу боюнча комиссиянын чечим каралып жатканын маалымдайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирет.
Документ, өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык, кызыктар мамлекеттик органдар тарабынан кылдат эксперттик изилдөөлөрдөн өткөрүлөт.
Буга чейин 34 мүчөдөн турган сынактык комиссия, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Коопсуз шаар» долбоорунун маанилүүлүгүн толук түшүнүү менен, тоорукту даярдоо жана өткөрүү боюнча бир топ иштерди сапаттуу жүргүзгөн.
Эскерте кетсек, комиссиянын курамына улуттук парламенттин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык сектордун байкоочулары кирген. Сынактык комиссиянын чечими калыс, негиздүү жана тең салмактуу болгон.
Ошондой болсо да, Кыргызстанда жолдордо эреже бузууларды сүрөткө жана тасмага алуунун заманбап системасын жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамдар тарабынан каралган бардык зарыл аракеттер жана жол-жоболор ишке ашырылат.
Количество просмотров: 24