«Коопсуз шаар» долбоору сессиянын күн тартибине акыркы болуп киргизилди
«Коопсуз шаар» долбоору сессиянын күн тартибине акыркы болуп киргизилди
5 Бештин айы 2018 9:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV.
Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда бүгүн, 5-декабрдагы сессияда “Коопсуз шаар” долбоору күн тартибине эң акыркы, он биринчи маселе болуп киргизилди.
Анда долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо максат кылынууда.
Долбоор бир нече жылдан бери ишке ашпай турат. Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни» утуп чыккан. Бирок тендердин жыйынтыгы соттук териштирүүлөр менен коштолуп, жыйынтыгында «Веганын» жеңиши негиздүү деп табылган.