• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коопсуз шаар» долбоорунун көчмө камерасын талкалоого аракет кылган адам милициянын күзөт кызматында иштейт

22 Бирдин айы 2019 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.

Видео 24.kg

Беш-Күңгөй айылында «Коопсуз шаар» долбоорунун көчмө камерасын талкалоого аракет кылган адам милициянын күзөт кызматында иштеген адам болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Факт 119-берененин негизинде Бирдиктүү реестрге каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Анын жүрүшүндө кол салган адамдардын бири Бишкектеги милициянын күзөт кызматында иштеген киши болуп чыкканы айтылат.

Эскерте кетсек, окуя тууралуу билдирүү 21-февраль күнү кечке маал түшкөн. Беш-Күңгөйгө көчмө камера орготуп жаткан «Вега Оперейтинг» компаниясынын кызматкерине эки адам келип, эч себепсиз ишине жолтоо болуп камераны талкалоого аракет жасашкан.

Количество просмотров: 4