• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коопсуз шаар: Жыл башынан бери бюджетке 243,8 млн сом түштү

12 Кулжа 2023 12:01 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 5 айында «Коопсуз шаар» долбоорунан республикалык бюджетке 243,8 млн сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзамындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900 млн сом өлчөмүндө финансылык каражат каралган.

2023-жылы каралган каражаттардын ичинен Санариптик өнүктүрүү министрлигине министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, подрядчы «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана 2022-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары жана 2023-жылдын январь айлары үчүн берилген салыштыруу актысына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 45,6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Количество просмотров: 47