• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Коопсуз шаардын» камерасына кол салган мас айдоочу кармалды

12 Теке 201915:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Мас айдоочу «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплексти сүзүп кетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүн, 12-июлда болжол менен саат 10:00 чамасында айланма жолдун 26-чакырымында белгисиз айдоочу жабдыктын түркүгүн сүзүүгө аракет кылган. Андан кийин айдоочу «Форд Сиера» үлгүсүндөгү унаа менен качып кеткен.

Кийинчерээк Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган А.А. аттуу тургун кармалган. Ал унааны айдоочулук күбөлүксүз мас абалда башкарып жүргөн.

Автоунаа айып короого киргизилип, айдоочуга жол эрежесин бузуу тууралуу протокол түзүлдү. Ал эми чогулган материалдар Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 69