• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилет

20 Чын куран 2022 11:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт. Ага ылайык мыйзамдагы Коопсуздук кеңешинин курамы каралган ченемди алып салуу сунушталууда”,– деди.

Ал эми Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун сунушу менен бир эле мезгилде үч окууда карап, добуш берүү сунушталды.

Количество просмотров: 64