• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте милиция кызматкерлери рейд өткөрүүдө

3 Аяк оона 202416:09 Бишкек Govori.TV

Борбордун Ленин районунун аймагында 19-августтан 19-сентябрга чейин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды аныктоо, сактоо шарттарын текшерүү жана мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу, ошондой эле мыйзам бузуулар боюнча «Арсенал» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында мергенчилик, мылтык, жылмакай, газ-травматикалык жана сыйлык куралдарынын ээлери текшерилди. Ошондой эле мергенчилик курал дүкөндөрү жана жеке агенттиктер кароодон өттү.

Мыйзам бузгандарга карата протоколдор түзүлүп, 9 миң сом айып пул салынды.

Ленин районунун ички иштер башкармалыгы ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Куралды өз ыктыяры менен тапшырган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Количество просмотров: 147