• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түштүк Африкадан курал ташыгандар

24 Аяк оона 20249:47 Бишкек Govori.TV


«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте, бажы мыйзамын бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.

18-августта Түштүк Африкадан “А.К” ЖЧКсынын дарегине жалпы салмагы 378 кг түзгөн аңчылык мылтыктары келген. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, бажы коштомо кагаздары боюнча товардын баасы 81 720 долларды түзсө, 27-июнундагы коштомо кагазга ылайык товардын баасы 59 370 доллар болгону аныкталган.

Товарларды бажылык декларациялоодо «А.К.» ЖЧКсы тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Эсеп-фактурага ылайык, мурда төлөнгөн бажы төлөмдөрүнөн тышкары мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын суммасы 526 456 сомду түздү.

Чогултулган материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 80