Бүгүн, 25-мартка карата Кыргызстанда дагы 106 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 61 адам;
— Чүй облусунда 40 адам;
— Баткен облусунда 2 адам;
— Ысык-Көл облусунда 1 адам;
— Ош шаарында 1 адам;
— Жалал-Абад облусунда 1 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 87 758 адамга коронавирус жуккан.
Ал эми соңку сутка ичинде 68 бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты делинип, үйлөрүнө чыгарылды.
Айыккандар:
-Бишкек шаары – 30
-Ош шаары – 4;
-Чүй облусу – 25;
-Нарын облусу – 2;
-Ысык-Көл облусу – 7.
Республика боюнча айыккандардын саны 84 миң 407 болду.