• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Коронавирус 20 адамдан аныкталса, каза болгон учурлар катталган жок

3 Жалган куран 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 3-мартка карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 100 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 169 бейтап, амбулатордук түрдө 403 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 468 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

Количество просмотров: 52