Бүгүн, 2-январга караган суткада өлкө аймагында COVID-19 илдетинен сакайган 203 адам ооруканалардан чыкты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Айыккандар:
– Бишкек шаарында 75 адам;
– Ош шаарында 17 адам;
– Чүй облусунда 42 адам;
– Ош облусунда 7 адам;
– Талас облусунда 3 адам;
– Нарын облусунда 2 адам;
– Ысык-Көл облусунда 38 адам;
– Жалал-Абад облусунда 13 адам;
– Баткен облусунда 6 адам.
Кыргызстанда жалпы 76 миң 351 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.