Бүгүн, 1-январга караган суткада өлкө аймагында COVID-19 илдетинен сакайган 230 адам ооруканалардан чыкты. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Айыккандар:
– Бишкек шаарында 94 адам;
– Ош шаарында 6 адам;
– Чүй облусунда 54 адам;
– Ош облусунда 26 адам;
– Талас облусунда 3 адам;
– Нарын облусунда 3 адам;
– Ысык-Көл облусунда 28 адам;
– Жалал-Абад облусунда 7 адам;
– Баткен облусунда 9 адам.
Кыргызстанда жалпы 76 миң 148 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.