Кыргызстанда 19-февралга карата коронавирус 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 23;
Чүй облусунда – 2;
Ош облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 6.
Акыркы суткада 165 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 273 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 543 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 287 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 957 киши айыгып чыкса, 2 миң 942 адам каза болду.