• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Коронавирус: 5 бейтап каза болду

22 апреля 2021 в 11:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, бири Чүй облусунда дарыланып жаткан.

Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 22-апрелдеги маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1566 бейтап коронавирус менен пневмониядан көз жумду.

Количество просмотров: 65