52 адам COVID-19 илдетинен сакайды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда республикалык ыкчам штаб билдирди.
Айыккандар:
— Бишкек шаарында 21 адам;
— Ош шаарында 3 адам;
— Чүй облусунда 18 адам;
— Ош облусунда 1 адам;
— Талас облусунда 2 адам;
— Нарын облусунда 1 адам;
— Ысык-Көл облусунда 5 адам;
— Жалал-Абад облусунда ооруканадан чыккандар жок;
— Баткен облусунда 1 адам .
Кыргызстанда жалпы 83 миң 179 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.