• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус 585 кишиден табылып, 6 адам каза болду

21 Кулжа 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 585 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

— Бишкек шаарында – 353 адам;

-Жалал-Абад облусунда – 80 адам;

— Ош шаарында – 54 адам;

— Баткен облусунда – 35 адам;

-Ысык-Көл облусунда – 22 адам;

— Ош облусунда – 19 адам;

— Чүй облусунда – 9 адам;

— Талас облусунда – 9 адам;

— Нарын облусунда – 4 адам.

Ошол эле учурда 360 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Акыркы суткада дагы 6 бейтап коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты.

Алар:

— Бишкек шаарында — 4 адам;

— Ысык-Көл облусунда — 1 адам;

— Ош облусунда — 1 адам.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 403 адам, ал эми амбулатордук түрдө 4 миң 803 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 24 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 566 адамдын абалы орто оор, 712 киши оор жана 101 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 115 миң 615 учур катталды. Анын ичинен 105 миң 410 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 937 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 194