Бүгүн, 1-июлга караган суткада Кыргызстанда 9 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Каза болгондор:
— Бишкек шаарында — 5,
— Чүй облусунда — 1,
— Баткен облусунда — 2,
— Жалал-Абад облусунда — 1.
Кыргызстанда жалпы 2009 адам коронавирус илдетинен ажал тапты.