Акыркы суткада коронавирус илдетинен 10 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Каза болгондордун жетөө Бишкекте, үчөө Чүйдө катталды.
Республика боюнча коронавирус инфекциясынан көз жумгандардын саны бүгүнкү күндө 2083кө жетти.