• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавирус: Бир суткада 11 миң 538 адам эмдөөдөн өттү

23 Жетинин айы 202111:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 илдетине каршы 11 миң 538 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 353 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 185 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 76 миң 817 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 858 миң 216 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Количество просмотров: 92