Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
Маалыматка ылайык, мектептеги эки адамдан COVID-19 табылган.
«Мектепти карантинге жабууга туура келди. Ал жерде мугалим менен окуучу ооруп калган. Бирок алар башкалар менен байланышта болгон эмес», — деди ал.
Виктория Мозгачева ошондой эле кышкы каникулдан кийин калаадагы бардык мектептер онлайн окутууга өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.