• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Коронавирус: Чүй облусу «кызыл» зонага кирди

3 Бугу 202112:42 Бишкек Govori.TV

Вирустун жайылуусу боюнча Чүй облусу «кызыл» зонага кирди. Бул тууралуу бүгүн 3-майда Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк статистикада «жашыл» зонада.

«Бир суткада Чүй облусунда COVID-19дун 49 жаңы учуру катталган, анын ичинен 40 учур – лабораториялык, 9 учур – клиникалык-эпидемиологиялык симптом менен тастыкталды. Бишкек мурдагыдай эле «кызыл» зонада калууда. Ал эми Ысык-Көл «сары» зонада, калган 5 облус «жашыл» зонада турат», — деди Нурматов.

Количество просмотров: 271