• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Коронавирус коркунучу. Министр Аскаровдун костюму талкууда

23 Жалган куран 202023:06 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаров Бишкек шаарындагы жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларын кыдырып чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 23-март күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Бишкек шаарындагы чет келген жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларын (обсервацияларды) кыдырып чыкты. Иш-чаранын максаты – жарандар менен пикир алмашуу жана уюштурулган шарттар менен жеринен таанышуу, тиешелүү чечим кабыл алуу.

Биринчи Ак-Кеме мейманканасындагы жарандардын ден-соолугун көзөмөлдөп жаткан башкы врач Чоро Сатаров билдиргендей, жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, кээ бир медициналык каражаттарга (бет кап, кол кап) муктаждык бар. Өз кезегинде маалымат берип жатып, ушул жерде иштеп жаткан ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылык билдире кетти.
Андан соң министр №1 интернатта жайгаштырылган жарандардын пикирин угуп, бир топ көйгөйлүү маселелерин укту. Бүгүнкү күндө күнүмдүк керектелүүчү жуунучу каражаттардын жетишсиздиги, орундуктардын толук кандуу камсыздалбаганы, мындан тышкары медицина кызматкерлерине медициналык каражаттардын жетишсиздиги айтылды. Ал эми ысык тамак-аш боюнча маселе жок.

Ал арада коомчулукта министрдин кийген костюму талкууга түштү. Алар Аскаров дарыгерге караганда коргонуучу кийимди жакшыраак кийгени айтылды.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы маалымат таратып, министрдин жанында жүргөн жаран врач эмес экенин билдиришти. А дарыгерлер тиешелүү коргонуучу костюмдарды кийип жүрүшкөнү айтылган.

Количество просмотров: 3378