• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Коронавирус менен пневмониядан дагы 1 247 киши айыгып чыкты

24 Теке 202010:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 1 миң 247 киши коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 497 киши, Ош шаарында – 123, Чүй облусунда – 163, Ош облусунда – 116, Нарын облусунда – 45, Ысык-Көл облусунда – 53, Жалал-Абад облусунда – 93, Талас облусунда – 34, Баткен облусунда 22 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын саны 18038ге жетти.

Количество просмотров: 195