Кыргызстандын бардык облустарында 2020- жылдын 9-июлунан баштап облустар арасындагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун, шаарлар аралык автобустардын жүрүшү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бул чектөөнүн мөөнөтү Кыргызстандын региондорунда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.
Мындай чечим COVID-19 вирусунун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча Облустук оперативдик штабда кабыл алынды.