Ош облусуна кирип-чыгууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ош ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагына кирип-чыгууга чектөөлөр коюлуп, ар бир райондун кире беришине жети санитардык блокпост коюлду. Мындан сырткары Ош-Бишкек жолунда катталган кичи автобустардын каттамына тыюу салынды.
«Мындай иш аракеттер коронавирус инфекциясы көбөйгөнүнөн улам болуп жатат. Посттордо турган кызматкерлер кирип-чыккан айдоочуларга, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Чектөөлөргө ылайык, айдоочуларга үчтөн ашык, кичибустарга 10дон ашык жүргүнчү салууга болбойт»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мындай чечимди коронавирус илдети менен каршы күрөшүү үчүн облустук штаб кабыл алган.