Саламаттыкты сактоо министри менен анын орун басарынын абалы жакшы. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, алар учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат.
«Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен орун басары Үсөнбаев Германияда дарыланып жатат деген туура эмес маалымат. Абалы жакшы эле деп айтам, динамика жакшы. Кудай буюрса алар жакында чыгышат. Эч кандай чет мамлекетке кеткен жок. Оору пайда болгондон кийин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, дарыланып жатышат», — деди Каратаев.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, ал эми анын орун басары Нурболот Үсөнбаевден коронавирус инфекциясы аныкталганы маалымдалган.