Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 17 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эртең мененки онлайн брифингде билдирди.
Бишкек шаарында — 9 бейтап;
Чүй облусунда — 2;
Нарын облусунда — 2;
Жалал-Абад облусунда — 4.
Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1364 адамга жетти.