Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 42 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттөгү брифингде билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен 9 учур лабораториялык жол менен тастыкталган COVID-19 вирусу, ал эми 33 учур клиникалык жана эпидемиологиялык жол менен тастыкталган вирус (пневмония).
Бишкек шаарында – 9
Ош шаарында – 2
Чүй облусунда – 3
Ош облусунда – 7
Талас облусунда — 4
Нарын облусунда – 4
Ысык-Көл облусунда – 7
Жалал-Абад облусунда – 5
Баткен облусунда — 1
Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1079 адамга жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-июлда COVID-19 илдети жана пневмония боюнча статистика бириктирилгенин маалымдаган.