Коронавирус жуктуруп алган алматылык аял кимдер менен карым-катнашта болгонун айтпай койгону үчүн жазаланды. Бул тууралуу аталган шаардын полиция департаментинин маалымат кызматы кабарлады.
«Ооруп калгандардын бири санитардык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, вирусту жугузуп алгандан кийин ким менен карым-катнашта болгону тууралуу маалымат бербей жатат. Аял кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 9 га жетти.