• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлер кайрадан көбөйүүдө

25 Аяк оона 2020 11:24 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, Бишкек шаарында — 4, Ош облусунда — 2, Ош шаарында — 1, Жалал-Абад облусунда — 2 жана Баткен облусунда — 4 медиктен вирус аныкталды.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3227 учур катталды, алардын ичинен 2918 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 93