• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Коронавирус жуктуруп алгандар менен учакта чогуу келген 90 адам медициналык текшерүүдөн өтүп жатат

18 Жалган куран 202010:30 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктуруп алгандар менен учакта чогуу келген 90 адам медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

Коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар. Абалы, чоо-жайы
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен.

Министрдин айтымында, учакта илдетти жуктургандар менен чогуу 135 адам болгон. Алардын сегизи Сауд Аравиядан келе жаткан. Арасында бир аял бар. Азыркы тапта каттамда бирге болгон 90 адам анализ тапшырып, медициналык кароодон өтүүдө.

Количество просмотров: 483