Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө 2021-жылдын ортолорунда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директорунун орун басары Сумия Сваминатан билдиргенин Казакстандын телеграф агенттиги жазат.
«Вакцинанын массалык өндүрүшү аяктагандан кийин 2021-жылдын ортосунда эмдөөгө киришсе болот», — деген ал.
Анын айтымында, учурда 20 вакцина клиникалык сыноолор баскычында турат.
«Ошон үчүн алардын кээ бирлери жарактуу болот деп үмүт артып жатабыз», — деген ал.
Ал белгилегендей, клиникалык сыноолордун алгачкы жыйынтыктары 2021-жылдын башында чыгып калат.