• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга бир жылдан кем эмес убакыт керек

23 Жалган куран 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бултууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Майкл Райандын айтымында,
Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина даярдалып жатат.

«Америкалык вакцина сыноодон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече дары-дармектерди да сыноодон өткөрө башташат”, — деп билдирген Майкл Райан.

23-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 335 миң 974кө жетти. Алардан 98 миң 330 адам айыгып ооруканадан чыкса,14 миң 641 адам каза болду.

Количество просмотров: 137