• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустан 9 бейтап көз жумду

11 Теке 2021 9:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 11-июлга карата коронавирус дагы 9 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Ош шаарында бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 741 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 72 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 7, үй карантинден 20 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 878 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 136 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 139 мин 648 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 118 миң 8 киши айыгып чыкса, 2 миң 102 адам каза болду.

Количество просмотров: 46