• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Коронавирустан айыккандан кийин организмди кантип калыбына келтирүү керек?

29 Теке 2020 13:38 Бишкек Govori.TV

COVID-19 илдетинен айыгып чыккан бейтаптардын бардыгына реабилитация үчүн убакыт керектелет. Мындай пикирин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборуунун директору Нурила Алтымышева өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде билдирди.

“Оорудан айыгып чыккан, бардык адамдарга ден соолугун кайра калыбына келтирүү зарыл. Көпчүлүк адамдар, айыккандан кийин деле кичинекей физикалык кыймыл-аракеттен дем алуусу кыйындап, алсыз болуп, тез чарчап калаарын айтышат. Өзгөчө, реабилитация оорунун орточо оор же оор түрү менен ооругандарга керек. Андыктан, ден соолукту калыбына келтирүү процесси кажет. Ар бир адамда реабилитация процесси ар башкача болот”, — деди ал.

Борбордун директорунун айтымында, оорудан айыккан бейтаптар санитардык эрежелерди сактоосу зарыл: беткап тагынуу, колдун гигиенасын, социалдык аралыкты сактоо.

Ал эми реабилитация үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

Толук баалуу тамактануу зарыл. Мисалы: суюктукту көп ичүү (чай, морс, компоттор), сүт азыктары (айран, кефир);

Майлуу эмес эт азыктары, этти куурубастан, бышырып, шорпо же бульон жасоо жана балык сунушталат;

Мөмө жана жер-жемиштен жасалган пюрелер, жашылчаларды колдонуу керек. Акырындык менен рационго калориялуу тамактарды кошсо болот;

Физикалык активдүүлүк: бир күндө 30 мүнөткө жакын таза абада жай сейилдөө керек. Абалыңызга жараша, сейилдөөнүн убактысын көбөйтүүгө болот. Эгерде спорт менен машыккан адам болсоңуз, ден соолугуңуздун абалына жараша кайрадан машыгууну баштасаңыз болот;

Дем алуу гимнастикасын үйдөн, өз алдынча жасоо мүмкүн. Күн сайын 10-15 минут гимнастиканы эки-үч маал жасоого болот. Андан сыткары, 8 сааттан кем эмес уктоо зарыл. Толук кандуу уктап, эс алуу – иммунитетти көтөрөт.

Куурулган, туздалган тамактардан баш тартып, шекерди, ар кандай таттуу тамактарды жегенди токтотуп туруу зарыл. Ошондой эле, тамекчи чегүүдөн жана спирт ичимдиктерининен алыс болгула;

Реабилитация учурунда суукка урунбоо зарыл. Аба ырайына ылайык кийинип, суукта көпкө жүрбөш керек.

Количество просмотров: 10160