Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, илдеттен каза болгондор Бишкек шаарынын тургундары болчу.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 451 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 424 киши айыгып чыкса, 1 миң 470 адам каза болду.